"Эркин-Тоо"

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Сунушталган токтомдун долбоорунун милдети автомобиль жолдорун тартипке келтирүү жана жагымдуу шарттарды түзүү, өнүктүрүү жана жол чарбасынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жол боюндагы тилкедеги жер участокторуна документтерди түз алуу болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин дагы бир чечими менен “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу (15 жылдык мөөнөткө) акысыз пайдаланууга берилди.

Бул чечим токтоп турган ишканалардын ишин жакшыртат, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жыйынында “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартибин бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек-аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, товарларды “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоо ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кытай Эл Республикасына товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана Түркия Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлорун тартат.

Ошондой эле, Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!