"Эркин-Тоо"

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев: “САЛЫК САЯСАТЫН ЖӨНӨКӨЙЛӨТӨБҮЗ”

Соңку мезгилде талкууга түшкөн мамлекеттин салык саясаты жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президенттик администрациясынын башчысы Адылбек       Касымалиев 2024-жылдын  23-декабрында билдирүү жасап, салыктын жол-жоболору кайрадан каралып чыгарын айтты. Жөнөкөйлөтүү кандай өңүттө жүрөрү тууралуу так маалымат бериле элек. Алдыдагы 2025-жылдын консолидацияланган бюджетинин долбоору 700 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Анын ичинен республикалык бюджет 429 млрд сомду түзөт. Жаңы жетекчи бекитилген бюджет толугу менен аткарыларына кепилдик берди.

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 84%ын салыктык чогултуулар түзөт. Андан кийинки 2026-2027-жылдары салыктын бюджеттик кирешесиндеги үлүшү улам 1-2%дык тепкичтен өсө берет. Мындай көрүнүш менен салыктын бюджеттеги көлөмү көбөйүү гана жолунда болору талашсыз. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек                                                           Касымалиев салыктын түрү менен өлчөмүн көбөйтпөй, аны башкаруу ыкмасын жакшыртууга көбүрөк көңүл бурарын маалымдады. “Акыркы убакта бул маселе чындап эле абдан көтөрүлүп жатат. Биз мына Данияр Жолдошевич менен да кеңешип, сүйлөштүк. Атайын бир жумушчу топ түзүп, ушу ЭТТК, ЭЭФ, ККМ маселелерин дагы бир сыйра карап чыгабыз. Биз булардан баш тартпайбыз. Бирок жөнөкөйлөтүү, жеңилдетүү маселесин толугу менен кайрадан карап чыгабыз” деди. Бирок КР Министрлер кабинетинин Төрагасы салыктагы жеңилдетүүлөр кайсы документтер менен жана кандай формада ишке ашарын так айткан жок.

Жалпы коомчулукта салык маселеси өтө оорлошуп кеткени жөнүндө түрдүү пикирлер айтылып келүүдө. Кыргызстанда салыктын баардык түрлөрү толук фискалдашканы, көмүскө экономика менен күрөшүү да өз жемишин берип бүткөнү айтылууда. Салыктын кайсы түрү көбөйтүлүп, фискалдашпасын, экинчи учу карапайым элге келип такалары талашсыз. Ишкерлерге салынган салыктардын бардык түрлөрүн кардарлар кошо көтөрүүгө аргасыз болот. «Салык төлөмдөрүн  салык төлөөчүлөрдөн талап кылуу жете турган жерине толук жетип бүттү» деген пикирлер жаралганы да талашсыз.

КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын башынан бери фискалдык реформаларды ишке ашыруу аракетин көрүп келүүдө. Жаңы салык кодекси аркылуу жайылтылган көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштери Кыргызстандагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн бир нече ирет нааразычылык акцияларына алып чыкканы да бар. Салыктык башкаруунун татаалдашканы менен кошо салыктын жүгү да акырындап өсүп баратканы айтылууда. Мындан улам кымбатчылык кадыресе сезилип, коомчулук арасында финансылык тартыштыктар орун алып жатканы да белгилүү. Ишкерлер арасында, “салык төлөөнүн жол-жоболору канчалык тез, канчалык оңой болсо, карапайым ишкерлер ар бир товардын түрүн, түсүн, өлчөмүн – баарын компьютерде отуруп терип отурбай, ошонун баарынын үстүнөн тез-тез иштеп турганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бардык салык төлөөнүн жол-жоболору тез-ылдам, эч кандай кынтыксыз, карапайым кишиге оңой болушу керек. Адамдар ал жол-жоболорго убактысын коротпой, чыныгы ишкердикке убактысын жумшаганда өнүгүү болот эле” деген пикирлер жаралууда.

Ишкерлер, ЭТТК менен ЭЭФнын эч байланышы жок, бири-бири менен шайкеш келтирүү мүмкүн эмес экенин айтып жатышат. ЭТТК өзүнчө бөлөк система. Ал салыктар менен байланышта эмес. Анткени салык деген – бул электрондук эсеп-фактура. Салык кодексине ылайык, бүт салыктар электрондук эсеп-фактура менен эсептелет. Бул жерде ЭТТК эмне үчүн керек? – деген суроо коюлушу керек. Андан кийин жумшартуу тууралуу сөз болууга тийиш. Анткени сатып алуучулар өзүнүн унаасы менен келип, өзүлөрү күйүүчү жана майлоочу майларын куюп, алып кетип жатканына карабай,  жүк жеткирүүчүлөр менен дистрибьюторлор баары бир алардын жеке менчик унааларын милдеттүү түрдө көрсөтүүгө аргасыз болуп жатканы айтылууда. Анүчүн унаанын техникалык паспортун, маалыматтарын сурап, аларды бирдиктүү электрондук системага киргизиши керек. Система аларды кабыл алып, анан гана документти чыгарып берет. Тагыраагы, унаа келип, ушунун баарынан өткүчөктү жүк ээлери күтүшү керек болот. Мындай отчетторду өз убагында тактап берип туруу карапайым ишкерлер үчүн кыйынчылыкты жаратып, кошумча адис жалдоого мажбур кылып, ишкердиктин жүгүн бир топ оорлотору талашсыз. Бул албетте карапайым ишкерлер үчүн абдан татаал маселе. Мамлекеттик салык кызматы мына ушул сыяктуу көйгөйдүн баарын жөнөкөйлөтүүнүн алкагында иш алып баруусу зарыл.

Кыргызстанда расмий статистика боюнча салыктын 81%дан ашыгы ири компаниялардан чогултулат. Бирок ишкердиктеги алардын үлүшү 0,6%ды гана түзөт. Ал эми жалпы ишкердиктеги саны 99%га жакын болгон чакан ишканалардан жалпы салыктын 13%ы чогултулат. Ошол эле учурда чакан ишканалар эң көп жумушчу орундарын түзөрү айтылып келет. Акылбек Жапаров жетектеген КР Министрлер Кабинети буга чейин курулуш компанияларына 12%дык кошумча нарк салыгын киргизүүгө катуу далалаттанган. Адистер менен эксперттер, эгерде бул салык кабыл алынып калса, анда турак жай рыногундагы жүктү ого бетер оорлотуп, ансыз да турак-жайга жетпей жүргөн карапайым калктын капчыгына олуттуу сокку болуп тиерин эскертишкен. Коомдогу кызуу талкуудан соң КР Президенти Садыр Жапаров ал демилгени четке кагып, ал боюнча мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр токтотулган. Ага чейин дары-дармектерди импорттоого кошумча нарк салыгын киргизип, кант камтылган суусундуктар менен күйүүчү майга акциз маркасын жайылткан. Бул өз кезегинде рынокто бир топ кымбатчылыкты жаратып, элди түйшөлткөнү эсибизде.

2024-жылдын декабрь айынын башында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири суммадагы акциздик маркалардагы көз боёмочулуктар аныкталганын жалпы коомчулукка кабарлаган. Бишкек шаарынын үч районунун салык башкармалыктарынын жана бир аймактык башкармалыктын башчылары коррупцияга шектелип камакка алынган. Көп өтпөй Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да камакка алынганы маалым болду. Расмий маалыматка таянсак, ири өндүрүүчү ишканалар ичимдиктерди «Сосновка» өткөрмө пунктунан өткөрүп, анан ошол жерден эле кайра артка кайтты кылып тариздеп, бирок иш жүзүндө товарды кайтарбай эле түштүк облустарына алып барып сатып атканы тастыкталган. УКМК башында бул көз боёмочулуктан улам мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн 3 млрд сом деп айткан эле. УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы маалымат жыйынында анын суммасы 30 млрд долларга жеткенин билдирди. Ал мындай жол менен 1 млн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) жүгүртүлдү деп таризделгенин, көз боёмочулук менен жүгүртүлгөн товардын жалпы көлөмү 400 млрд сомдон ашарын айтып чыкты. Мында  электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) ири коррупциялык көз боёмочулукка жол ачканы көрүнүп турат. Демек, ишкерлердин, “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы салыкка түз тиешеси жок болгондуктан, анын зарылдыгы жок” деп айтып жатканы бекеринен эмес.

 

                                                                                                                            Бахпурбек Аленов

Пример HTML-страницы