"Эркин-Тоо"

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы аткарылабы?

Өлкөдө менчигинин түрүнө карабай бардык бала бакчаларда видеокамера орнотулушу керек. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берди.

Камера орнотуу чечими бала бакчалардагы коопсуздук чараларын күчөтүү, тарбиячылар менен ата-энелердин ортосундагы ишенимди арттыруу жана тартипти камсыздоо максатында кабыл алынды. Буга чейин билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жыл соңуна чейин республикадагы бала бакчаларга камералар орнотула турганын, ал “Коопсуз шаар” системасына кошуларын билдирген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!