"Эркин-Тоо"

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: “D Billions” – бул жалпы Кыргызстандын сыймыгы”

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту.

Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар: Исманалиев Бактыбек — Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа — Ляля (Lya-Lya).

Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Башчысы “D Billions – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, — деди Акылбек Жапаров.

“D Billions” командасынын мүчөлөрү МинКаб Башчысына Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, алдыдагы чыгармачылык пландары менен бөлүшүп, атап айтканда, кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турнесин өткөрүү тууралуу бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” “D Billions” командасын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

МинКаб Башчысы чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.

Маалымат үчүн:
“D Billions” – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү «D Billions» каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти чыгарат жана айына 400дөн ашуун тасмаларды (роликтерди) чыгарат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!