"Эркин-Тоо"
Коом Эркин Тоо гезити

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек ТАШИЕВ: “БАЗАР ЭЭЛЕРИ СООДАГЕРЛЕРГЕ ШАРТ ТҮЗБӨСӨ, ИЖАРАСЫН АЗАЙТПАСА, МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛАТ!”

Улуттук коопсуздук кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында Камчыбек Ташиев бүгүнкү саясий абалга жана көзөмөл-кассалык аппараттарга каршы чыккан митингдерге байланыштуу сөз сүйлөдү.

“БАЗАР ЭЭЛЕРИ САТУУЧУЛАРГА МАМИЛЕСИН ӨЗГӨРТКӨН ЖОК!”

—Бүтүндөй республика боюнча ири соода-сатык комплекстеринин ээлери өлкөнүнүн эң бай адамдары. Алар Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Эльвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов ж.б. Булар чоң киреше алышары барыбызга белгилүү. Ушул базарлар ээлери акыркы 30 жылдан бери базарларды кармап, эбегейсиз чоң байлыкты топтошту. Бүгүн да чоң байлыктарды топтоп жатат. Ошол эле мезгилде булар мамлекетке, коомго, колундагы сатуучуларга болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Байлыкка тойбостон, артынан кууп келе жатышат. Кечээки митингдер да ошонун себебинен болду.

“БАЗАР ЭЭЛЕРИ ИЖАРА АКЫСЫН ЭКИ ЭСЕГЕ АРЗАНТУУСУ КЕРЕК”

—Базар ээлеринен сырткары, 10дон, 15тен контейнери бар көптөгөн ишкерлер, башкача айтканда, супарендаторлор дагы бар. Алар дагы колунда бар адамдар. Контейнердин баалары 50 миң доллардан 200 миң долларга чейин турат. Ошол ири ишкерлер да салык төлөбөйбүз деп чыгып жатышат. Биз салык төлөө системасын өзгөртүп, бай адамдарды төлөтүү механизмин киргизишибиз керек. Мына “Дордой” базарын мисал катары алсак, контейнерди ижарага алууда жайгашкан ордуна карай ай сайын 7 миңден 300 миң сомго чейин төлөшөт. Ошол жерде иштеген жөнөкөй сатуучулар бир жагынан салык, бир жагынан аренда төлөп, бирок шарттар түзүлбөй калып жатат. Ошолордун иштөө шарттарын жакшыртыш үчүн өкмөттө аракеттер жүрүүдө. Сатуучулар чоң суммадагы акча каражатын төлөгөнүнө карабастан, базарда иштегенге жөнөкөй шарттар жок. Суук, санитардык шарттын, автоунаа токтотуучу жайдын жоктугу электр энергиясын сатуучулардын көйгөйүнө айланган. Сатуучулардын шарттарын жакшыртуу үчүн, базар ээлери жана субарендаторлор биринчи кезекте ижара акысын эки эсеге арзантуусу керек. Бул жагдай алардын абалын жана тапкан кирешесин эсепке алганда кыйынчылык жаратпайт. Эмне үчүн бир же бир нече адам байыш керек дагы, жүздөгөн, миңдеген адамдар анын азабын тартыш керек? Мына ушул маселеге көбүрөө көңүл бурушубуз керек.

Ар бир контейнерден 200-300 миң сомдон алып, кээ бирлери жылына 50-60 миллион сомдон киреше таап, бир сом салык төлөбөй жүгөндөр бар. Ошолорго чара көрүшүбүз керек, ошондо социалдык акыйкаттуулук орнойт. А биз контейнерлерди ижарага төлөп, кредит алып, суукта иштеп жаткан жөнөкөй сатуучуларды салык төктүрүп жатабыз. Ошондуктан, салык системасын карап, анализдеп, териштирүүбүз зарыл. Ар бир контейнерди номерлеп, кимдики экенин аныкташыбыз керек. “Дордойдогу” кээ бир ишкерлердин ушул шаарда эле 5тен, 10дон, 15тен батирлери бар. Өтө кымбат баалуу унааларды айдап, хансарайларда жашашат. Жылына 3-4 ирет башка өлкөлөргө барып эс алып келишет. Ошолор салык төлөбөй качып, митингге тукуруп жатышат.

“ЭЛ КӨЙГӨЙҮН УККАН ПРЕЗИДЕНТТИ БААЛАЙ БИЛИШИБИЗ КЕРЕК”

—Президентибиз эки күн алдын чогулуш өткөрүп, барыбызга тапшырманы берди. “Жөнөкөй сатуучулардын ишин жеңилдетип, жардам бергиле” деди. “Кыйнап жибердиңер окшойт, өз көзүм менен көрөйүн” деп барды. Кана айткылачы, кайсы өлкөнүн Президенти базарга барып чогулушка катышып жатат? Мамлекет башчысы сатуучулардын көйгөйүн угайны, өз көзүм менен көрөйүн деп барды. Ошону да кээ бир маданиятсыз адамдар түшүнбөй, тил тийгизгенге чейин барышты. Биз эл көйгөйүн уккан Президентти баалай билишибиз керек. Элге кам көрөм деп чуркап жүргөнүн колдошубуз зарыл.

“КЫТАЙДАН КИРГЕН ЖҮКТӨН 10 МЛРД ДОЛЛАР ЖОГОЛУП ЖАТАТ”

—ККМди орнотуунун негизги максаты салыкты көп чогултуу эмес, бул кичинекей эле бөлүгү. Эң негизги максат — биздин мамлекетке контрабандалык жол менен кирип жаткан товарлардын баарын тизмеге алуу. Жакында Кытай мамлекетинин отчету чыгат. Анда ачык көрүндү, Кытайдан кирген жүктөн 10 млрд доллар жоголуп жатат. ККМдин жоктугунан контрабандисттердин чөнтөгүнө кирип кетип жатат. Мындан эл да, мамлекет да зыян тартып жатабыз. ККМ менен биз ошону аныкташыбыз керек. Ал эми жөнөкөй сатуучулардын соода жүгүртүүсү 15 миллион сомдон ашпаса, салык төлөбөйт. Андан ашса, 0,1 пайыз салык. 15 миң сом болот.

“ККМ КИРИП КАЛСА САЛЫК ИНСПЕКТОРЛОРУ ПАРА АЛАЛБАЙ КАЛАТ”

—Көптөгөн соодагерлер жаңы электрондук салык системасын жана кассалык-машинаны колдонуу тартибин түшүнбөй жатканын айтышуда. Бул жагдай салык кызматкерлеринин салык системасын түшүндүрүү иштерин жетишсиз жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу. Мындан тышкары, салык кызматынын айрым кызматкерлери салык реформасын майда-чүйдөсүнө чейин түшүнбөгөндүгү жана ишкерлердин суроолоруна жооп бере алышпагандыгы бул жагдайды күчөтүүдө. Алар алдын ала түшүндүрүшү керек эле, ага убакыт бөлүнгөн, бирок көптөгөн салык инспекторлору муну жасаган эмес. Кээ бир салык инспекциясынын кызматкерлери ККМди колдонуу тартибин атайын түшүндүргөн эмес. Себеби, ККМ кирип калса салык инспекторлору пара алалбай калышат. Баарыбыз билебиз, алар азыр сатуучулардын көпчүлүгүнөн пара алышат. Патентке деп бираз төлөтүшөт дагы, калганын чөнтөгүнө салышат. Булардын кайгысы ушул болуп жатат. Бүгүнкү кырдаалдын түзүлүшүнө салык инспекциясынын кызматкерлери күнөөлүү болуп жатат. Мындан ары салыкчылардын ишин катуу көзөмөлдөшүбүз керек. Ишкерлерге көмөктөшүп жашырган салыктарын ачыкка чыгарып, инспекторлордун өздөрүн жоопкерчиликке тартышыбыз керек.

“ДОРДОЙГО” ТИЕШЕСИ ЖОК АДАМДАР ПРЕЗИДЕНТКЕ КАРШЫ КЫЙКЫРЫП ТУРДУ”

—Келип түшкөн маалыматтар боюнча жүргүзүлүп жаткан салык реформасынын айланасындагы кырдаалда айрым саясий күчтөр өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздукташтыруу үчүн пайдаланууга аракет кылышууда. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары чагымчылдарды көкүткөндөрдүн ишин алдын алуу, ага бөгөт коюу боюнча ишти уюштуруп, мыйзамга ылайык чара көрүү зарыл. Себеби, урматтуу кызматкерлер, өзүңөр жакшы билесиңер кечээки ККМге каршы митингдерде “Дордойго” тиешеси жок адамдар барып, Президентке каршы кыйкырып турду. Биз жөнөкөй соодагерлерге тийбешибиз керек, аларды колдошубуз керек. Бирок, ошолордун арасына кирип алып, коомду козутуп, саясий максатына жеткенге аракет кылгандарды жазалашыбыз керек! Жөн отурбай ошолорду таап чыгышыңар керек. Митингди кимдер, кандай максатта уюштуруп жатканын талдап чыгышыбыз зарыл.

“ЧАГЫМЧЫЛДАРДЫН СӨЗҮНӨ КИРИП КЕТПЕҢИЗДЕР”

—Калкыбызга кайрылып кетем, чагымчылдыкка алдырбаңыздар. Жок жерден чагымчылдардын сөзүнө кирип кетпеңиздер. Элде болуп жаткан жакшы иштерди жаманга айлантып, тополоң кылып, кайрадан элди ызы-чууга алып келгенге аракеттнип жатышат. Эгер биз аларга азгырылсак мамлекетибиз кайрадан башаламандыкка кептелет. Эми-эми мамлекеттин баалуулугун сезип жатабыз. Мамлекеттин баркын, күчүн, элге кылган жакшылыгын эми сезе баштадык. Ошондуктан, бул маселеге катуураак көңүл буруңуздар. Мына социалдык-экономикалык масеелердин баары чечиле баштады. Мамлекетибиздин бардык аймагында жол, мектеп, бала бакча, оорукана, ипотекалык үйлөр ж.б. социалдык обьектилер курулуп жатат. Куралдуу күчтөргө курал-жарак, ок-дары, аскердик техникаларды сатып алып, мамлекетибиз күчтүү боло баштады. Демек, биз дестаблизацияга аракет кылган күчтөргө каршы туруп, жапатырмак киришиши керек. Биз жыргаттык, Ошто, Кара-Сууда, Бишкекте митинг өткөздүк деп ватсап группаларда бирине көрсөтмө берип, “тигил жерде силер, бул жерде биз өткөрөлүк, сен мынча адам, мынча алып чыгайын, базарларды жапкыла, митингге чыкпагандарды базардан кууп чыккыла” деген чагымчылдар бар, алар жазасын алат!

“БИЗ САЛЫК РЕФОРМАСЫН ТОКТОТПОЙБУЗ, АЯГЫНА ЧЫГАТ”

Белгилей кетсек, электрондук салык салуу системасын киргизүү боюнча ишке ашырылып жаткан салык реформасы — бийликтин коррупция, криминал менен күрөшүүдөгү жүргүзүп жаткан саясатынын маанилүүсү болуп эсептелет. Бул реформа көмүскөдөгү ачыкка чыгарууга багытталган жана милдеттүү түрдө ишке ашырылууга тийиш. Биз салык реформасын токтотпойбуз, аягына чыгат. Ар бирибиз кылган ишибизге жооп берүүгө тийишпиз. Кылмышка шектелгендер баары жооп берет. Президентибиз кечээ чечим кабыл алды, июль айына чейин үйрөнгүлө деди. Биз салыктын эсебинен байып кетпейбиз, бирок биз тартипти киргизишибиз керек. Башка өлкөнүн салыктарын карап, салыштыргыла. Мына Францияга суктанабыз, алар тапкан кирешесинин 34%ын мамлекетке берет. Испания менен Италияда 50%га чейин төлөйт. А биз 0,1 пайыз десек да каршы чыгып жатат. Тартипке көнүшүбүз керек. Ал эми жок деп моюн толгогондорду биз мажбурлап көндүрөбүз.

“БАЗАРЛАР МЫЙЗАМДЫН НЕГИЗДЕ МАМЛЕКТКЕ КАЙТАРЫЛАТ”

—Ишкерлер мамлекеттик алдындагы жоопкерчиликти сезип, мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жаатында көмөкчү чараларды көрүшү керек. Ишкерлерди, базар ээлерин сатуучулардын жакшы иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө чакырамын. Болбосо жеке колдогу базарларды мыйзамдуу негизде мамлектке кайтарылат. Башында айтып кеткен базар ээлери соодагерлерге жакшы шарттарды түзбөсө, ижара акыларын азайтпаса, эл менен эсептешпей турган болсо, анда базарларды мамлекетке кайтарууга биздин толук саясий эркибиз жетет!

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№97 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 8-декабры