Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, жарыкты сарамжал пайдалануунун жолдорун сунуштады.
Мекеме электр энергиясын аз талап кылган лампаны колдонуу жылына 170 кВт/саатты үнөмдөй турганын билдирип, элди бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп, электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп турууга чакырды.
Ошондой эле үй тиричилигине керектүү электр жабдуулардын сатып алууда энергия сарптоосуна көңүл буруу керектигин эскертти.