"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Минкаб төрагасы Тяньцзинь шаарына барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барды.

Төрага “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышып, панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда багыт алууда?” деген темада сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.