7-майда, Минск шаарынын № 11 орто мектебине Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты.
Мектеп окуучулары жана иш-чаранын коноктору алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи.
Элчи бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө салым кошо алган мыкты адистер жана өз мекенинин чыныгы патриоттору болуп чыгышына тилектештигин билдирди.