"Эркин-Тоо"

Мирбек МИЯРОВ: “Бишкекте бийликтин аракети менен 14 мектеп курулду”

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек МИЯРОВ

Чүйдөн чыккан “чырпык кадр” Мирбек Мияровду бул сапар кепке тарттым. Ким кандай дебесин, каарманым баш көтөрүп келе жаткан чыйрак жигиттердин бири. Ошого улай амбициясы да бар. Бул жагы эми кыргыздын жигитине таандык сапат болсо керек. Маектешимдин сөзгө сараң экенин байкап туш келди соболдорду бербедим. Биз кыска-нуска гана баарлаштык.

— Мирбек мырза, 2 жыл мурун революциянын шарданы менен кызматтык бактыңыз ачылды эле. Бирок, ал “кубанычыңыз” көпкө созулбады. Учурда эмне иш менен алексиз?

— Ушул күндөрү өзүмдүн кесибим боюнча кандидаттык ишимдин үстүндө иштеп жатам. Илимдин үстүнөн иштөө деле чоң убакытты талап кылат экен. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен да алекмин. Тирүү жан болгондон кийин тиричилик кылыш керек дегендей…

— Соңку 2 жылдан берки өлкөдөгү ротация саясаты үзүрүн берип жатабы? Кадрдык жүрүштөр жаатындагы “жылт эткен” жылыштарды байкай алдыңызбы?

— Ротация саясаты өзгөрүүнүн негизинде болот деп айтылган. Учурда губернатор институтун эле алалычы: Азыр облус башчысы акимдерди же өзүнүн орун басарларын кызматтан ала албайт экен. Мындай шартта ротация саясатынын үзүрү болобу? Бул жагы өзүнчө чоң суроого айланууда. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, ротациянын эпкини менен кайсы кадр кандай кызматка, кайсы аймакка барат? Маселен, өзүнүн районунан өлкөбүздүн башка бир булуңбурчуна барган жетекчи ошол аймактын ал-абалын, жеринин шартын, майда-барат маселесине чейин өздөштүрүп, таанышып, ишти ырааттуу жолго салганча убакыт кетип калууда. Ошол эле биздин Чүй облусунда ротациянын эпкини менен анчейин деле өзгөрүштөр байкалбады. Албетте, бул менин жеке пикирим.

— Жыл тогошоор алдында турабыз. Узаган жылдагы кыргыз бийлигинин кайсы ийгилигин тизмектээр элеңиз?

— Өлкө аймагында, айрыкча борборубуз Бишкекте бала бакча, оорукана, мектептердин жетишсиздиги күч экени, бул көйгөй көптөн бери көпчүлүктү тынчсыздандырып келгени баарыбызга маалым. Дал ушул көйгөйдү чечүү максатында узап бараткан жылы баш калаабыз Бишкекте эле бийликтин аракети менен 14 мектеп курулуптур. Бул жагына кантип көз жумуп коебуз. Изги иштерди тизмектеп, жакшы жактарды да адилеттүүлүк үчүн айтышыбыз керек да, туурабы? Мындан башка да чоң-чоң долбоорлор менен президентибиз Садыр Жапаров бар аракетин кылып жатат. Дагы кандай иш-аракеттер аткарылаарын алдыдагы убакыт көрсөтөр. Күтө туралы.

— Бийлик тарабынан кызмат сунушталса барат белеңиз? 2 жылга чукул убакыттан бери бошсуз да, кызмат деле көзүңүздөн учуп жатса керек…

— Жашырганда эмне, эгерде бийлик тараптан кызмат сунушталса, анан калса азыркыдай кадрдык таңкыстыкта буга чейинки билимимди, тажрыйбамды пайдаланып, жаштык жигер менен элибизге кызмат кылып бергенге даярбыз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№112 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 23-декабры