"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мирлан Рахманов: «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин 1,5 млнго жакын жаран колдонот»

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин бүгүнкү күндө 1,5 млнго жакын жаран колдонууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, салык төлөө процесстерин санариптештирүүнүн аркасында жарандар жеке кабинет жана мобилдик тиркеме аркылуу салык төлөмдөрүн толугу менен онлайн түрдө аткара алышат.

“Жыл башынан бери жеке кабинети бар колдонуучулардын саны 160 миң адамга көбөйдү. Мурда жарандар салык органдарына барып кезек күтүп, документ толтурууга бир топ убакытысын коротушса, бүгүнкү күндө бардык маалыматтар жана төлөмдөр онлайн түрдө жеткиликтүү болууда”, — деди Рахманов.

Маалыматка караганда, жеке кабинет аркылуу карыздар, төлөө мөөнөттөрү жана төлөнө турган суммалар боюнча толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.