"Эркин-Тоо"

Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө туу боюнча мыйзам долбоорун жактап, добуш бергенин айтты

 Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы экенин, бирок добуш берүүдө компьютеринен анын атына «макул» деген добушту бирөө басып койгонун айтып, нааразычылыгын билдирди.

«Менин ордума “макул” деп басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөртүлүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапоздук, көз боёмочулук, эмне деген абийирсиздик?! Эшикте элдин 90% каршы болуп турат. Кулагын асып жүрүп укпагандар, көздөрүн ачып жүрүп уктагандар биз болуп атабыз”, — деди Мирлан Самыкойжо.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” болгон.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!