"Эркин-Тоо"

Мирлан ЖЕКШЕНОВ: “Быйылкы жылды мыкты ийгиликтер коштойт”

Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан ЖЕКШЕНОВ

— Мирлан Ратынбекович, өткөн күндөр жасалган жагымдуу иштер менен эсте калат. «Аз жашасаң да саз жаша» деп бекеринен айтылбайт. Шаар жашоочуларынын үмүтүн актоо үчүн карууңузду казык кылып жатасыз. Өткөн жылдын айтарлык жыйынтыктарынан айтып берсеңиз?

— Өткөн 2022-жылдын 24-майында шаар башчылыгына бекидим. Аталган жооптуу кызматка келгенге чейин айыл аймагынын өкмөт башчылыгын аркалап, жергиликтүү жетекчиликтин мектебинен өттүм. Албетте, такшалдым, тажрыйба топтодум. Эл мүдөөсүн аткаруу жеңил-желпи иштерден эмес. «Кааласаң кар күйөт» дегендей демилге көтөрүү, жарк эткен жаңылыктарга умтулуу акыбетин берерине көзүм жетти. Демек, ар бир жетекчиге талыкпас мээнет, уюштуруучулук жөндөм абадай керек. Заманбап жашоонун агымынан артта калсаң, эч качан ийгиликтер эрчибейт. Изденүү жана изденүү ийгиликтерге себеп.

Мен келгенде шаардын бюджети бекитилип, бардык жасалуучу иштерге жумшалуучу каражаттар каралып калган. Жаңы жетекчиликтин алдында маанилүү максаттар турган. Шаарды түп тамырынан өзгөртүү үчүн бир нече жылга багытталган өнүктүрүү стратегиясын түзүү зарыл эле. Мэриянын кызматкерлерин жана анын структуралык түзүмдөрүн, ошондой эле муниципалдык ишкана, мекемелердин ишин карап чыгуу боюнча баарыбыз салым кошуп, белгиленген милдеттерди аткарууга кириштик. Аракеттерибиз акыбетин берди. Жыл аягында нечен жылдан бери сүрсүп, топтолуп калган көйгөйлөрдүн бир катарын чечүүгө үлгүрдүк.

Айталык, шаар көчөлөрүн жарыктандыруу, жол жана тратуарларды оңдоо, мектеп, бала бакчалардын, шаардын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу үчүн сугат маселесин чечүү айтканга оңой болгону менен аткарарга келгенде оор эмеспи. Алгачкы кадамды шаардык муниципалдык кызматтын иштерин оптимизациялоодон баштадык. Демек, изденүү гана натыйжасын берет демекчи, шаардык кеңештин депутаттары менен биргелешип, бюджеттик каражаттын максаттуу жана сарамжалдуу жумшалышына жетиштик. Натыйжада айтарлык көрсөткүчтөрдү көкөлөттүк. Шаар калкы айткандай кечкисин көчөдө эркин жүрүү болбой калган. Түнкү шаардын көркүн бузган караңгы көчөлөрдүн катары суюлуп, учурда шаар көчөлөрүнүн 70 пайызы заманбап жарыктандыруучу жабдуулар менен жабдылып, түнкү шам чырактар орнотулду. Шаарыбыз жаркырап, караңгылык капардан чыкты. 1,3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

— Акылга дыйкан кыргыз элибиз: “Эшигин көрүп төрүнө өт” деп тазалык маселесине зор маани берген. Мурдагыга караганда шаарда тазалык өкүм сүрө баштаптыр. Таштанды жана тазалык маселесин чечүү аракеттериңиздер акыбетин бериптир. Мына ушул багытта айтып берсеңиз?

— Шаарыбыздагы көптөн бери чечилбей келген оор маселе мына ушул таштандылардан арылуу болгон. Бул багытта иш жүргүзгөн “Универсал” ишканасынын иштерин иликтеп, жакындан таанышып, ак жана карасын талдоого алдык. Айталык, алардын материалдык-техникалык шарты начарлап кеткен. Аларга тийиштүү 12 атайын техникаларын колдонууга мүмкүн болбой калган. Трактор, экскаватор баш болгон техникаларын оңдоо түйшүгү жумушчулардын көкөйлөрүнө көк таштай тийип турган. Мына ушул курч маселени мэриянын жана шаардык кеңештин биргелешкен аракеттери менен жыл аягында чечүүгө жетиштик. 6 даана заманбап таштандыларды чыгаруучу жаңы техникаларды алып бердик. Техникаларды сатып алууга 23 895 000 сом жумшалды. “Универсал” муниципалдык ишканасынын атына заты жарашты. Таштандыларды чыгаруу жагынан колубуз узарды. Шаар калкы ыраазычылыктарын билдирип жатканы – нечен жылдан берки курч маселе чечилди. Былтыркы жылдын ийгиликтеринин сап башы мына ушул тазалык маселеси болуп калды. Чечкиндүү кадамдарды жасадык.

Баарыбызга беш манжадай белгилүү милдеттердин туу башы айлананы жашылдандыруу, экологиялык жана климаттык коопсуздукту сактоо менен турукташтыруу экени талашсыз. Бул багытта Президентибиз Садыр Жапаровдун Жарлыгы жарыяланган. Мына ушул Жарлыктын алкагында былтыр бир катар жашылдандыруу иштерин илгерилеттик. Жалпы 7811 даана жаш көчөттөрдү олтургуздук. Турак жай, мекеме-ишканалардын, парк, сейил бактардын, бала бакча, мектептердин айланасы жашылдандырылды. Ишембиликтер уюшкандыкта жүргүзүлдү. Мисалы, «Дельфин» бала бакчасынын көрктөндүрүү иштери көңүлгө толду. Анда 600 туя көчөтү олтургузулду. Шаардык маданият үйүнүн жаңы аллеясы курулууда. Мында да 325 ак кайыңдын көчөттөрү өстүрүлүүдө.

Шаар калкын сулуулукка суктандыруу, айлананы кооздоо, жакшыртуу жана жашылдандыруу, архитектуралык саамалыктарды сактоо максатында конкурс өткөргөнбүз. Конкурстун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр сыйланып, жалпы шаарлыктардын шаарга болгон сүйүүлөрү бекемделди.

— Мирлан Ратынбекович, социалдык объекттерди куруу жаатында жарк эткен жаңылыктарыңыздар бар. Ушул багытта баарлашсак…

— Албетте, жаңы курулуштарды курсак деген тилектерибиз арбын. Андыктан биринчи кезекте каржы маселесин чыңдоого көңүл бурбасак болбойт. Социалдык жана экономикалык программа жана пландарды аткаруу маселесин чечүүгө келгенде албетте, каржыга карап каларыбыз бышык. Андыктан биринчи кезекте шаардык кеңеш менен биргеликте шаардык бюджетти чыңдоого артыкчылык берүүгө ашыктык. Биримдик бар жерде береке да болору чындык. Былтыр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмү биринчи ирет 318 млн сом менен толукталып, көрсөткүчүбүз 133 пайызды түздү.

Жаңы курулган жана оңдолгон объекттер боюнча токтолсок: 330 орундуу «Дельфин» бала бакчасы курулду. Каржылоо негизинен Чүй облустук өнүктүрүү фондусунан болду. Ал эми каржылоонун 30 пайызын жергиликтүү бюджет бөлдү. Ошондой эле №7 мектептин чатыры алмаштырылды. Жасалган иштерге 3 606 442 сом керектелди. Жайыл райондук борборлоштурулган оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоолордон өттү. Европа өнүктүрүү банкы тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин салымы менен бүттү. Мындан тышкары №2 ҮДТнын имараты да оңдолду. Каржылоонун 70 пайызы Чүй облустук өнүктүрүү фондунан, калган 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен берилди. Курууга кеткен жалпы сумма 9 753 845 сом. Чүй облустук өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы №9 мектептин кичи футбол залы салынды. Былтыр 28-декабрда футбол талаабыз пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылышын быйыл жасайбыз.

Коомдук тартипти сактоо да учурдун бирден-бир талабы. Төмөнкү парк тарапка милиция пункту салынды. Жергиликтүү бюджеттен 850 миң сом жумшалды.

Келечегибиз балдар үчүн эс алуучу жана ойноочу комплекстерди салуу да колго алынууда. Шаардын 16 кичи участкаларында балдар үчүн жагымдуу жаңылыктар жанданды.

Кезектеги шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын колдоосу менен Кара-Балта шаардык мэриясынын жаңы түзүмүн бекиттик. Мэриянын бардык ишмердигин, аппаратын, түзүмдөрүн тыкандык менен карап чыктык. Эң башкысы, оптимизациялоонун алкагында 11 млн сомду бюджеттен үнөмдөөгө жетиштик. Бул каржыны шаардын инфраструктурасы жана өнүгүүсү үчүн жумшамакпыз. Учурда юридикалык суроолору такталып, ишкагаздары даярдалууда.

— Шаардын көркүн бузган мыйзамсыз курулуштардан арылуу аракеттериңиздер текке кетпеди. Шаардыктардын каалоосундай жашоого дагы кандай аракеттерди жасап жатасыздар?

— Аракеттер эч качан токтоп калбашы керек. Шаардын муниципалдык жерлеринде, айрыкча базарлардын айланасында баш аламандык менен курулган соода, коммерциялык багыттагы жайлардан арылуу, алардын мыйзамдуулугун теске салуу багытында баштаган иштерибиз ийине жетти. Өткөн жылдын аягында аталган объекттерди инвентаризациялоо натыйжасын берди. Мыйзамсыздык менен курулган 97 курулуш аныкталды.

Шаардын жогорку жагында орун алган соода борборлору теске салынууда. Архитектуралык көрктөрүнө көңүл бурулууда. Мындай ырааттуулук шаардын төмөнкү жактарында да кулач жаюуда. Баш аламандык менен жүргүзүлүп келген соода тармактарындагы кемчиликтер четтетилүүдө. Тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Демек, мындан сабак алууга тийишпиз. Мындан ары мыйзамсыздыкка жол берилбейт.

Мыйзамсыздык менен курулган жайлардан тышкары убагында мыйзамдуу эле курулган объекттер суук колдордун колуна түшүп кеткен. Мына ошолорду кайрып алып, калыбына келтирүү иштери илгерилөөдө. Мисалы, мурдагы “Солнышко” бала бакчасы мэриянын балансына кайтарылды. Алынган бала бакчанын имаратына дагы бир заманбап бала бакча курууну көздөп жатабыз.

— Быйылкы жылдын ишпландарынан да айта кетсеңиз?

— Быйыл буюрса 5 чакырым жолдун саатын толук чыгарабыз. Чынында шаарыбыздын жолдору оңдоого муктаж. Бул айтылгандар чек эмес, жол маселесинен четтебейбиз. Шаардагы айтарлык кемчилик жашылдандыруу жаатында орун алууда. Сугат суусу толук кандуу чечилбей келгендиктен, жашылдандыруу ойдогудай болбой жатат. Андыктан, шаардын ички суу системасын жөнгө салуубуз зарыл. Бул багытта тамчылатып сугаруу маселесин чечүүгө кириштик. Айта берсек максаттарыбыз көп. Социалдык маанидеги объекттерди куруу жана оңдоо иштери колго алынмакчы. Келечек пландарыбызды айтып олтурсак сөз узак.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!