Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн жаңы басма сөз катчысын дайындады. Кечээ, 24-мартта видеоселектордук кенешмеде Шавкат Мирзиёев администрация башчысынын жаңы орун басары, басма сөз катчысы Шерзод Асадовду тааныштырды. Ш.Асадов буга чейин Австрияда элчи жана Өзбекстандын ЕККУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.