Молдо Нияз кыргыздын туңгуч жазма акыны. Ал он тогузунчу кылымда эле өз ырларын араб ариби менен чагатай тилинде жазып калтырган. Тилекке каршы акындын өмүрү жана чыгармачылык жолу кечирээк изилденип, окурмандарга азыр да толук жете элек. Белгилүү тележурналист Адылжан Жажанов отуз жылдан бери акындын өмүр жолун иликтеп келет. Ал Молдо Нияз тууралуу жаңы китеп жазды. Адылжан Жажанов менен болгон маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.
— Адылжан мырза, сиз акын Молдо Нияздын өмүрүн, чыгармачылык жолун изилдеп жүрөсүз. Быйыл акындын туулган күнүнүн 200 жылдыгы белгиленет. Молдо Нияз тууралуу китептер чыккан. Сиз акындын өмүр баянына байланышкан кандай жаңы жагдайларды таптыңыз? Кандай багытта изилдөө жүргүздүңүз?
— Акын Молдо Нияз Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылындагы Карадаван деген жерде жарык дүйнөгө келген. Ал жер Шахимарданга жакын жайгашкан. Молдо Ниязды кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу деп айтсак жарашат. Акындын 1993-жылы “Санаттар” деген китеби чыккан. Молдо Нияздын атын биз мектепте окуп жүргөн кездерде эле угуп жүргөнбүз. Анын араб тилинде жазылган ырларын молдолор окуптур, ал диний ырлар экен деп айылдыктар айтып калчу. Ал учурда акынга эч ким деле маани берген эмес. Академик Болот Юнусалиев 1950-жылдары Кадамжай тарапка барып акындын ырларын таап, изилдеп, арабчадан кыргызчага которуп чыккан. Ал мезгилде адабиятчы Омор Сооронов агабыз Болот Юнусалиевдин окуучусу болгон. Ал да Молдо Нияздын чыгармачылыгына кызыгып калып изилдей баштаган. Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Молдо Нияздын чыгармалары бир топ жылдар каралбай калып кеткен. Анткени, аны окуп, түшүнө турган киши болгон эмес. Молдо Нияздын ырлары эскиче чагатай тилинде жазылган. Араб алфавити менен 19-кылымда жазылган чыгармаларды ал кезде окуй алышкан эмес. Омор Сооронов аракет кылып жүрүп Равшанбек Зулпукаров деген диний ишмерди таап, акындын китебин орусча тамгага көчүртүп жазып алган. Кийин аны китеп кылып чыгарышты. Ал китептин жарыкка чыкканынан бери отуз жылга жакын убакыт өттү.
Мен 1992-93-жылдары “ Заман” газетасынын Ош, ЖалалАбад облустары боюнча кабарчысы болуп иштейт элем. Ошол убактан бери алымдын жетишинче өз алдымча изилдеп келе жатам. Молдо Нияздын небере, чөбөрө, кыбыралары учурда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанда жашайт. Урпактары аябай көп.
— Алар чоң атасы жөнүндө бир нерсе билишет бекен?
— Алардын билгени деле өтө чектелүү болуп чыкты. Аялына нааразы болгону тууралуу маалыматтарды билишет экен. ЧоңАлайдан Өмүрзак деген досу издеп келип “Молдо Нияз каякта?” деп сураса, “Молдо Нияз жок” деп бир аз оңтойсузураак жооп берип коюптур. Ал “келсем жок экенсиң” деп үч эле сөздөн турган жообун арабча жазып калтырып кетиптир.
— Молдо Нияздын кайсы жылы дүйнөдөн өткөнү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Сиз ушул маселени тактай алдыңызбы?
— Акындын сөөгү азыр Өзбекстанга өтүп кеткен Шахимардан анклавына коюлган. Ал жерде өзбектердин улуу акыны Хамза Хакимзаде Ниязинин да жайы бар. Анын жанында Али пайгамбардын да сөөгү коюлган экен. Ошол жерде илгери кыргыз көрүстөнү болгон дешет. Дал ошол жайга Молдо Нияздын сөөгү коюлуптур. Божомол боюнча ушул жер болуш керек деп көрсөтүп беришти. Мен сүрөткө тартып алгамын. Чын эле сиз айткандай каза болгону боюнча ар кандай маалыматтар бар. Бирөөлөр 1886-жылы каза болгон десе, башка бирөөлөр 1890-жылы дейт, айрымдар 1898-жылы деп айтат. Ушул дата чындыкка жакын. Анткени, Молдо Нияз Анжиян көтөрүлүшү жөнүндө жазган. Аны көрбөсө кантип жазмак эле. Кийин дагы бир толуктоо болду. Элибизге белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов Ташкенттин мамлекеттик тарыхынан Молдо Нияз Эрназар уулу 1905-жылы каза болгон деген маалыматты таап чыккан. Мен урпактарынан да сураштырып көрдүм. Алар биз кичине кезибизде чоң кишилердин айтканын укканбыз. Айыл менен Шахимардандагы көрүстөндүн аралыгы бир жарым, эки чакырымдай аралыкты түзөт. Жайга коердо эл аябай көп келип, алардын арасында ак селдечен адамдар да көп болгонун көргөнбүз деп айтышканын угушкан экен. Алардын болжолу боюнча 1900-жылдарга туш келиш керек эле. Көрсө алар деле жаңылышкан экен. Эми 7-8 жаштагы балдардын эсинде так сакталып калбаса керек.
— Азыр Молдо Нияздын кабыры турган жер кимге карайт? Кыргызстангабы, же Өзбекстангабы?
— Тилекке каршы Өзбекстанга карап калды. Бирок, ал жердин Өзбекстанга өткөнү тууралуу бир дагы расмий документтер жок. Өзбек туугандар өздөрү эле барып отурукташып, айылдык кеңеш ачып, ээлеп алышкан экен. Азыр эми өзбектер менен мамилебиз жакшы болуп калды. Молдо Нияздын кабыры турган жерге “кыргыз элинин алгачкы жазма акыны Молдо Нияз 1823-жылы туулуп, 1905-жылы каза болгон” деп жазып жок дегенде бир тактайча орнотуп койсок жакшы болот эле. Ага өзбек тарап деле каршы болбосо керек.
— Ошол жерге коюлганы распы?
— Ооба, аны акындын урпактары, айылдыктардын баары билишет. Мурда ал жерге зыярат кылып барып куран окуп турушкан. Бул тууралуу мен газетажурналдарга чыккан макаламда, азыр даярдап койгон китебимде да жазганмын. Китепке демөөрчү издеп атам. Эгер демөөрчү чыкпаса, банктан насыя акча алып болсо да ушул китебимди чыгарамын.
— Молдо Нияздын атына байланышкан кээ бир чаташкан жагдайлар да бар. Ошол талашты тактап айтып бере аласызбы?
— Өтө туура суроо бердиң. Ооба, Молдо Ниязды кээ бир окумуштуулар Кокон хандыгынын мезгилинде катчы болуп иштеген Молдо Нияз Куканди деген адам менен чаташтырып жүрүшөт. Ал биздин Молдо Нияз Эрназар уулу эмес, таптакыр башка адам. Анын улуту тажик, 1800-жылы туулган. Биздин акын Молдо Нияздын атасы менен тең курактагы киши. Молдо Ниязга байланыштуу дагы бир чаташкан жагдай бар. Адабиятчы Абдылдаев китебинде Молдо Ниязды чүйлүк Ниязалы молдо менен чаташтырып, ал “Насыйкат” деген дастанды жазган деп көрсөтүптүр. Бул дагы туура эмес. Акын Молдо Нияз Эрназар уулунун бир артыкчылыгы, илгери Кокон хандыгынын мезгилинде азыркы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын аймагы, Батыш Кытайдын бир бөлүгү – беш мамлекетти аралап ырдап жүрө берген. Молдо Нияз комуз менен эмес, оозеки ырдаган. Анын “Санат ырлары” ошол кезде Кыргызстандан чыккан далай аттуу-баштуу инсандар, баатырлар, байлар, Кокон хандыгына таасир эткен адамдар тууралуу жазылган. Кокон хандыгы менен Падышалык Россиянын ортосундагы карым-катнашты, алака-мамилени, уруштарды кыргыздын көзү менен карап жазган. Алымкул аталык, Курманжан датка тууралуу өзүнчө ырларды, поэмаларды жараткан. Молдо Нияз Курманжан датка энебиздин мээримдүүлүгү, балдарга берген таалим-тарбиясы, орус падышалыгы, Кокон хандыгы менен тең ата саясат жүргүзгөн акылмандыгы, көрөгөчтүгү тууралуу жазган. Акын кыргыз адабий тилинде, анын ичинен Түштүк диалекти, түштүкбатыш говору, же ичкилик говорунда чыгармаларын жазган. Ичкилик говору бул өзбек, тажик, уйгур тилдеринен көп таасир алган. Молдо Нияздын “Датка айым”, “Кымча бел” сыяктуу лирикалык ырлары дал ошол тилдердин синтезинен жаралган. “Санат дугарастары” деген китеби Молдо Нияздын үч китебинин негизинде жарык көрдү. Адабиятчы Омор Сооронов ал китепти редакциялап чыкты. Ал киши болбогондо Молдо Нияз көмүскөдө эле калып кетмек. Молдо Нияз чыгармаларын араб ариби менен чагатай тилинде жазган. Акындын ашыглык ырларын окусаңыз бу аялзатынын сулуулугун, улуулугун укмуштай чебер сүрөттөгөн. Керек болсо алардын отуруп-турганын, сүйлөгөнүн, үйгө киргенин, кишилерге салам бергенин, койчу деги ар бир кыймыл-аракетин ырга салган. Андай салыштырууларды, сүрөттөөлөрдү азыркы акындардын жазганынан таба албайсың. Молдо Нияз жалаң эле турмуштук, ашыглык ырларын жазбастан ал тарыхчы, энциклопедист, саякатчы да болгон. Көп жерлерди кыдырган. Маргаланда, Кокондо, Тажикстандын медреселеринде билим алган. Кашкар ал убакта жалпы ислам дининин борбору болгон. Бул киши Кашкарга барып окуган. Ошол үчүн анын чыгармаларында чын дүйнө менен жалган дүйнөнү салыштырып жазган чыгармалары арбын. Молдо Нияз агартуучу да болгон. АкКыя деген жерде балдарды араб алфавитинде окутуп, сабатын жойгон.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели