"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан бул сапар саясий жана экономикалык жактан маанилүү экенин белгилеп, президентти монгол бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү коштоп келерин билдирди. Бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн байланышын арттырууга өбөлгө түзөт.

Иш сапардын так датасы азырынча айтылган жок.