Үстүбүздөгү жылдын 20-июль күнү Монголия Республикасынын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип маалымдады.
“Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет