"Эркин-Тоо"

Монополияга каршы кызмат бензиндин баасын жогорулатпоо боюнча бир катар талаптарды койду

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субьекттерине бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Нефтетрейдерлер ассоциациясына май айында бензин тобунун баасын литрине 1,5-2 сомго жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу май рыногунун ири ишкер субъекттерине төмөнкүдөй талаптар коюлду:
— баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбесин;
— «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын талаптарын так сакталсын;
— жазгы талаа жумуштарын эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлсүн;
— сомго, ошондой эле АКШ долларына карата рублдин курсунун төмөндөшүн эске алуу менен бааларды эсептеп, күйүүчү-майлоочу майдын өздүк наркын эсептөөнү тонна эмес, литр менен жүргүзүү зарылдыгы;
— рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда кызмат менен кайтарым байланыш түзүп, алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын.

Күйүүчү-майлоочу майга карата баанын жогорулоо маселеси Монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл борборунда турат. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөөрү эскертилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!