"Эркин-Тоо"

Монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын „Атаандаштык жөнүндө“ Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамдын максаты — мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө болуп саналат. Бул ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот.  Ошондой эле, атаандаштык жөнүндө мыйзамдарындагы майда бузууларга жол берген чарбакер субъекттерге жаза чараларын колдонууг жол бербөө максатында эскертүүчү институтту киргизүү каралат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!