"Эркин-Тоо"

Москвада 19 жаштагы кыргызстандык кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Москва шаарында 19 жаштагы Кыргызстандын жараны 9 жеринен бычакталып өлтүрүлдү. Бул факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Москвага жакын жайгашкан Мытищи шаарында кыргызстандык кызды өлтүрүүгө шектелген 46 жаштагы Украинанын жаранын кармады.

Маалыматка ылайык, кылмыш үстүбүздөгү жылдын 6-августунда орун алган. Шектүү алгач кызга кол салып, колундагы сумкасын тартып алууга аракет жасаган. Кыз каршылык көрсөткөн маалда, шектүү аны далысына 9 жолу бычак менен сайган. Алган оор жаракаттан улам, кыз окуя болгон жерден каза тапкан.

Шектүү жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алганы маалым болду. Учурда кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.

Кылмышкердин колунан каза болгон кыргызстандык кыз Россиянын аймагына 2020-жылы келген. Ал Мытищи шаарында бир тууган эжеси жана апасы менен бирге жашаган. Окуя болгон күнү маркум англис-тили курстарынан чыгып, үйүнө кайтып бара жаткан.