"Эркин-Тоо"

Москвада II Евразиялык экономикалык форуму өттү

24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат..

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!