"Эркин-Тоо"

Москвада КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

 Москвада КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн кеңсеси ачылды.

Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чарага палатанын президенти Темир Сариев катышты.

Белгиленгендей, эми кеңсе бизнес үчүн негизги аянтча болуп, анда ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү таап, актуалдуу маселелерди чече алышат. Жаңы өкүлчүлүк Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошот.

КР Соода-өнөр жай палатасы Орусияда өзүнүн таасирин активдүү кеңейтүүдө жана палатанын Москвага дайындалган үч өкүлү, тактап айтканда, Михаил Тумасов, Кубанычбек Осмонбеков жана Нурбек Атаканов кеңсенин эффективдүү иштешин камсыздайт.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы кеңсесинин дареги: көч. Большая Полянка, 42, 1 корпус, 109-кабинет. Байланыш телефондору: +7 904 599-99-97, 89045999997, 89963120008