Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнө Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган.
Социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде Москвада кыргызстандык таксистке кардардын кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. КР Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси «Сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.