"Эркин-Тоо"
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Кылмыш Кырсык

Москвада кыргызстандык жаран 11 жаштагы кызын бычак менен сайып салды

Москванын четинде кыргызстандык жаран 11 жаштагы кызын бычак менен сайып салды. Бул тууралуу орус басылмалары райондук прокуратурага таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июлга караган түнү болгон. 42 жаштагы кыргыз жараны үйүндө 5 жана 11 жаштагы кызы менен калган. Кош бойлуу аялы менен улуу баласы кулпунай терүүгө кетишкен.

Кармалган жаран окуя учурунда мас абалда болгон. Ал кызынын көкүрөгүнө бычак сайып, андан соң такси чакырып, аны ооруканага алып барган.

Айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата соттук-медициналык, манжа изин, молекулярдык-генетикалык жана психология-психиатриалык экспертизалар дайындалды.

Учурда кыздын абалы оор, карынчасы жабыркаган.