"Эркин-Тоо"

Москвада жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

Москвада таксист сүзүп кеткен жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда саат 19:00 чамасында Москва шаарынын Профсоюзная-Миклухо-Маклая көчөлөрүнүн кесилишинде таксист 1988-жылы туулган Россиянын жараны К.Ж.К.ны сүзүп кеткен, ал алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.

Сүзүп кеткен таксинин айдоочусу 1992-жылы туулган Кыргызстандын Т.А.А. аттуу жараны болуп саналат, ал жол эрежесин бузуп, светофордун тыюу салуучу жарыгына өтүп кетүүгө аракет кылган.

Учурда Россиянын Ички иштер башкармалыгынын Москва шаарынын Түштүк-Батыш административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан бул адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Т.А.А. камакка алынган.

Элчиликтин жардамы менен тергөө органдары маркумдун агасына инисинин сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынып, сөөк Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!