Москвада эмгек мигранттары “Метроном” турак жай комплексинин курулушунда массалык мушташка чыккандардын арасында кыргызстандык жарандар жок экендигин Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянып билдирди.
14-апрелде Москва шаарындагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда массалык мушташуу болгону кабарланган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Тажикстан менен Өзбекстандан барган жарандар таш, таяктарды колдонуп мушташкан.
Милицияга 20га жакын адам жеткирилип, жаңжалдын катышуучулары миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча текшерилүүдө.
Маалым болгондой, окуя учурунда эч ким оор жаракат алган эмес.