"Эркин-Тоо"

МСК салык төлөөнүн эрежелери тууралуу түшүндүрмө берди

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 28-январына чейин салык төлөөчүлөрдүн кайсы категориялары салык режимин тандоо жөнүндө арызы менен салык органдарына кайрылуусу керектиги тууралуу түшүндүрмө берди.

2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуудан салыктын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылуулары зарыл.

Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.

Төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет.

Жылдык кирешеси 30 млн сомго чейинки жалпы салык режиминдеги төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат. Эгерде алар КНС төлөөчү катары катталган болсо, КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылат.

Салык төлөөчүлөрдүн калган категориялары салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.

Эске салсак, жаңы Салык кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Белгиленген графикке ылайык, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!