"Эркин-Тоо"

Муфтият Орозо айында чогулган битир-садаканы кимдерге тараткан?

Муфтият Орозо айында чогулган битир-садаканы кимдерге таратканын айтты. Маалыматка караганда чогулган битир-садаканын эсебинен жардамга муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратылган.

Анын ичинен 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга берилгени, калган 940 миң сому ата-энесиз балдарга берилгени айтылды.

Быйыл өлкө боюнча 54 млн сом битир-садака топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн.

Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнө турган 10 пайыз битир-садаканын эсебинен берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!