"Эркин-Тоо"

Муфтият вакцина боюнча эмне деди?

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы вакцина алуу жөнүндө фатва чыгарганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Аалымдар кеңеши вакцина маселеси боюнча атайын жыйынга чогулуп, анда «Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицинага таандык. Вакцинанын зыяны жок болсо, ислам дини эмдөөгө каршы эмес», — деген чечим чыккан.

«Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, исламда эмдөөгө каршылык жок. Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес», — деп айтылат Аалымдар кеңешинин чечиминде

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!