Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги ремонт иштери жөнүндө сөз сүйлөдү.
Министр мугалимдердин ремонт иштерине тартылбай тургандыгын айтып, алардын эң негизги милдети балдарга билим берүү экендигин белгилди.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча мамлекеттен бөлүнгөн какражатка мурда керектүү буюмдар гана сатылып алынса, мындан ары каражаттын белгилүү бир бөлүгү утурумдук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнгө да сарпталат.
Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин баса белгилешти.