"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Мугалимдердин айлык акысы жогорулайт

2025–2026-окуу жылында мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министр бул колдоо билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган системалык кадамдардын уландысы экенин белгиледи.

Догдуркүл Кендирбаева райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен облустук мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси да чечилүү алдында турганын кошумчалады.

«Бул системалык колдоо бизди шыктандырып, жоопкерчиликти арттырат. Айлыктын так суммасын азыр айтпай эле коеюн, бирок бул мыкты агартуучулардын келишине жол ачат. Эми агартуучу кесибинин баркы дагы да көтөрүлөт», — деди министр.