"Эркин-Тоо"

Мугалимдерге жеңилдик берилди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдердин кагаз иштерин кыскартуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, эми предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүп, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин гана түзүшөт, ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүп, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун гана толтурушат. Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.

Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет. Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!