"Эркин-Тоо"

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге акчалай төлөм төлөп берүү пландалууда

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге 1-4 миң сомдон төлөп берүү пландалууда.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү төлөп берүү каралууда.

“Мугалимдик кесиптин 1-курсунда жакшы окуган студентке 1 миң сом, 2-курста 2 миң сом, 3-курста 3 миң сом жана 4-курста 4 миң сомдон төлөп берүү боюнча биздин сунушубузду министрлер кабинети бир добуштан колдоду”, — дейт ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!