Кызыл-Кыяда мугалимдин банк картасын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Баткен ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 54 жаштагы мугалим 27-мартта болжол менен саат 13:40тар чамасында белгисиз адамдар иш бөлмөсүнөн банк картасын уурдап кетишкенин билдирген. Кийин картадан 90 миң сом жоголгону белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Х.А. кармалып, келтирилген зыян 90 миң сом каражатты жабырлануучуга кайтарып берген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.