"Эркин-Тоо"

Мухтар ШЕРБАЕВ: “ЭКОНОМИКАНЫ КӨТӨРҮҮГӨ, ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТ АЛДЫК”

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар ШЕРБАЕВ

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагы чек арада жайгашкан жана шарты катаал айыл аймактарынын бири. Аталган айыл аймакта 7 айылдагы 3080 кожолукта 15250 калк жашайт. 8 мектеп, 2 балдар бакчасы, 5 ФАП, бир айылдык оорукана, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 балдардын искусство мектеби жайгашкан. Айыл аймагынын борбору – Айры-Там айылы. Айтылуу 1-Май жергесин жердеген калк мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенип келет. Табигый кырсыктар көп катталат. Облустун жана райондун борборунан бир кыйла алыс. Ошону менен катар Өзбекстан Республикасынын эки району менен чектеш жайгашкандыгына карабастан, 1-Май айылдык аймагы республикабыздагы алдыңкы айыл аймактарынын бири. Жыл тогошоор алдында айыл өкмөтүнүн башчысы менен аткарылган иштер жана жаңы жылда аткарыла турган иштери жөнүндө мектештик.

— Мухтар Нурмаматович, айыл өкмөттүн быйылкы жылдагы жараткан ийгиликтерине токтолсоңуз?

— 2022-жылды 1-Май айыл өкмөтү аймактын жалпы кайратман калкынын зор салымы менен ийгиликтүү, бир топ жетишкендиктер менен жыйынтыктоо алдында турабыз. Ушул жылдын 9 айында айыл аймагынын бардык тармактарында алдыга коюлган милдеттер так аткарылып, айыл чарбасында, өнөр жай тармагында, калкка кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда ийгиликтер жаралып, айрыкча аймакка инвестиция тартууга катуу басым жасоо менен экономикалык жана социалдык жактан дагы бир тепкичке жогорулады. Айрыкча, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана маданият тармактарында жакшы ийгиликтер жаралып жатат. Натыйжада аймактын стратегиялык өнүктүрүү программасында белгиленген милдеттерди дээрлик аткарууга жетиштик. Албетте, бул ийгиликтерде айыл өкмөттүн аракеттерин ар тараптан колдоого алып турган 15 000ден ашуун кайратман элдин ролу өтө жогору болду. Мунун натыйжасында, 2022-жылы айыл аймагында бир нече ири курулуштар башталып, бир тобу пайдаланууга берилген. Аймактын социалдык-экономикалык абалына таасир этүүчү бир нече долбоорлор ишке ашырылган. Эл аралык уюмдар менен тыгыз иштөөнүн аркасында инвестициялардын жалпы көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топко жогорулаган. Тармактар боюнча алганда, 2022-жылдын 9 айында айыл чарбасына 37,4 млн сом, социалдык жаатка 47,6 млн сом, кызмат көрсөтүү тармагына 8,5 млн сом жана башка тармактарга 9,3 млн сомдук инвестиция тартылган. Бул ишаракеттер дагы уланууда.

Ал эми, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аткарылган иштер да көңүл кубантаарлык десек болот. Алардын айрымдарына токтоло кетели:

2022-жылдын 9 айына карата жалпы кирешелер 23232,9 миң сомго пландаштырылган болсо, 34678,3 миң сом акча каражаты чогултулган. Тактап айтканда, пландалган киреше 11445,4 миң сомго ашыкча аткарылып, салыштырмалуу 149,2%ды түзгөн.

Анын ичинде салыктык кирешелер жалпы 16206,0 миң сомго пландалган болсо, анын аткарылышы 24011,7 миң сомду түзүп, пландалган салыктык төлөмдөрдү 7805,7 миң сомго ашыкча аткарып, салыштырмалуу 148%ды түздү.

Транспорт каражаттары үчүн салык төлөмдөрү 110,2%, тамарка үчүн жекече жер салыгы 107,6%, айыл чарба эмес жерлеринен алынуучу салык 287,6% га аткарылып, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттаган.

Бул жерде, айыл өкмөттүн кызматкерлери ар бир салык төлөөчү менен жакындан, тыгыз иш алып баргандыгынын натыйжасы деп айтсак болот.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда Айылдык Кенештин депутаттары, коомдук активисттер тарабынан да бир топ салымдар болуп, биргелешкен аракеттердин натыйжасында, автоунаа жана жер салыгын чогултууда эл арасында түшүндүрүү иштери жогорку деңгээлде жүрдү.

— Айыл аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында жүргүзүлгөн иштерге токтоло кетсеңиз?

— Айыл аймагынын негизги приоритети – саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарбасын өнүктүрүү. Бул багытта өтө көп аракеттер жумшалып келе жатат. Маселелерди чечүүдө инфраструктура жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу чоң роль ойноору белгилүү болгондуктан, аймакта инфраструктураны жаңылоо жаатында бир топ иштер аткарылууда. Атап айтканда, Айры-Там үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Жаңы-Шаар фельдшердик-акушердик пункттун имараттарынын жылытуу системалары жаңыдан жасалып, Совет-Сай айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын эшик-терезелерин алмаштыруу жана жылытуу системасын ремонттоо сыяктуу иштер жыйынтыкталган. Саламаттыкты сактоо тармагына атайын долбоор менен реанимациялык атайын унаа, ИВЛ, УЗИ, ЭКГ жабдуулары алынып берилген. Бул багытта үстүбүздөгү жылы да катуу аракеттер көрүлүүдө.

— Башка райондордон өзгөчөлөнүп сиздерде «Мектеп автобусу» долбоору жолго коюлуптур ошого токтолсоңуз?

— Учурда өтө зарыл болгон “Мектеп автобусу” долбоору ишке киргизилип, 3 айылда – АйрыТам, Ак-Башат жана Алма-Бел айылдарында алыскы тоо арасында жашаган, чек ара аймагында жашаган балдарды акысыз мектепке алып келүү жана кайра үйлөрүнө жеткирүү жолго коюлган. Ажек айылында 230 орундуу, Жаңы-Шаар айылында 150 орундуу жана Кара-Үңкүр айылында 150 орундуу заманбап мектептердин имараттарынын курулуштары учурда жүрүп жатат. КараҮңкүр орто мектебинин курулушу үчүн 1,2 млн сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралган. Ошондой эле, Айры-Там айылындагы №39 Айры-Там гимназия мектебинин чатыры, М.Алымбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин сырткы эшиктери алмаштырылды, №39 Айры-Там гимназия мектебинин эшик-терезелери алмаштырылып, ашканалары ремонттолуп, аталган билим берүү мекемелери ылдам интернет менен камсыздалган. Ошондой эле, Совет-Сай айылындагы “Ак-Тилек” балдар бакчасынын имараты республикалык түрткү берүүчү гранттын каржылоосу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап үлгүдөгү имарат пайдаланууга берилген. Совет-Сай айылында айылдын эс алуу борбору түптөлүп, заманбап китепкана имараты пайдаланууга берилген. Айыл аймагындагы бардык китепканалардын китеп фондун жаңылоо иштери жүрдү. Бардык мектептерге спорттук инвентарлар алынып берилип, бокс клубуна ринг, спорттук жабдуулар алынып берилген.

— Мухтар Нурмаматович, айыл аймагындагы жолдордун абалы кандай?

— СССР таркагандан бери унутулуп калган жолдорду асфальттоо иштерин жандантып, Айры-Там айылында жалпы 1,5 км аралыкка асфальт басылды. Жыл ичинде аймагыбыздагы Жаңы-Шаар, Ынтымак, Айры-Там жана Ажек айылдарында жалпысынан 23,5 км жолго шагыл ташылып төгүлүп, тегизделип, адамдар үчүн өтмөк жолдор-тротуарлар курулуп, пайдаланууга берилген. Бул аракеттер учурда да уланууда.

— Айыл аймагынын айыл-чарбасында кандай ийгиликтер бар?

— Айыл чарбасы – айыл аймагынын экономикасынын негизги потенциалы болуп саналат. Жыл сайын айыл чарба тармагына олуттуу көңүл бөлүнүп, бул жаатта алгылыктуу иштер аткарылып келүүдө. Ветеринардык клиниканын курулушу соңуна чыгып, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул клиника малдын башын асылдандыруу, жасалма уруктандыруу, дарылоо, ар кандай эпизоотиялык кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында акыркы үлгүдөгү автогрейдер атайын техникасы, 14 тонна суу жеткирүүгө ылайыкташкан атайын таза суу тартуучу унаа алынып, учурда элге кызмат кылууда. Айыл чарба тармагындагы фронталдык жүктөөчү, чөп пресстөөчү, дан оруучу комбайн сыяктуу атайын техникалар сатылып алынып, элдин жүгү жеңилдеди.

Айыл аймагындагы 2 насостук станциянын насостук кыймылдаткычтары алмаштырылды. СумсарСай суу каналында ремонт иштери жүргүзүлүп, жабдуулары алмаштырылып, сугат суу тармагын бир кадам алдыга жылдырды. ЖалалАбад областтык өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Алма-Бел айылындагы ички чарбалык канал пайдаланууга берилди. АлаБука райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Алма-Бел айылындагы суугат сууну өткөрүүчү жабдуу курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан сырткары, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Чуст жана Касан-Сай райондорунун калкы менен бир тууганчылык мамиленин аркасында, айыл чарбанын күрөө тамыры саналган «Чуст» каналын тазалоо иштери үчүн зарыл техникалар Өзбекстандан келип 9,5 км аралыкта каналды тазалоо, арыктарды ондоо сыяктуу иштер аткарылды. Ички чарбалык каналдарды биргелешип тазалоо иштери өткөрүлгөн.

— Айыл өкмөттүн кышка даярдыгы кандай?

— Алдыда кирип келе жаткан кычыраган кыш айларына кам көрүү максатында 1-Май айыл аймагынын Айры-Там жана Ак-Башат айылдарына трансформаторлор жана электр мамычалары сатып алынып, орнотулду. Көмүрдүн баасын арзандатуу, туруктуу кармоо үчүн айылдагы жеке ишкерлердин колдоосу менен арзан баада көмүр сатылып жатат. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер көмүр жеткирилип берилди. Мектептерге, балдар бакчаларына жана социалдык объектилерге кышка карата керектүү материалдар сатылып алынып, ар бир мекеме үчүн кам көрүлдү.

— Дагы эмне кошумчаларыңыз бар?

— Биз жогоруда белгилегендей, 1-Май айыл аймагы шарты катаал, жолу алыс жана чек арада жайгашкан айыл аймак болсо да, бир топ жетишкендиктер жаралып келе жатат. Бул ийгиликтердин башында, 1-Май айыл аймагынын кажыбас кайраттуу эли турат. Быйылкы жылы, 1-Май айыл аймагынын уюштурулгандыгына 70 жыл болуп, ага карата “70 жылдыкка 70 иш-чара” программасы кабыл алынып, анын алкагында эл үчүн зарыл иштер аткарылууда. Андыктан, айыл аймагынын элин маараке менен куттуктап,“Бар бол, касиеттүү 1-Майдын эли” деп аймакчыбыз!

1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы Шербаев Мухтар Нурмаматович 1977-жылы туулган. Билими жогорку, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетин, КР Президенттине караштуу Башкаруу Академиясын аяктаган. Кесиби боюнча экономистменеджмент. Кытай Эл Республикасында билимин жогорулаткан. Муниципалдык кызматтын отличниги, 1-класстагы муниципалдык кеңешчи, бир нече министрликтердин Ардак грамоталарынын ээси. Эмгек жолун 1999-жылы “Ак-Ниет” коомдук бирикмесинде жетектөөчү адис болуп баштаган. 2000–2005-жылдар аралагында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында, 1-Май айыл өкмөтүндө эмгектенген. 2005–2013-жылдары “Эгида-Шанс” укук коргоо уюмунда жетекчи, “Айыл банк” ачык акционердик коомунда кредит боюнча адис, 1-Май айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы, “КазМинералз” жоопкерчилиги чектелген коомунда жетектөөчү адис болуп иштеген. 2013-жылдан тартып 1-Май айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган. Ушул эле айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп, 2017-жылы жана 2021-жылы жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен шайланган. Ал жетектеген мезгилде айыл аймагы республикабыздагы алдыңкы айыл аймактарынын катарын толуктап, ар жылкы көрсөткүчтөрү боюнча 2022-жылы мамлекеттик дотациядан чыгарылган.

Орункул САТЫКУЛОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!