Муктар Джумалиев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон.