Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс боюнча 813 адам абактан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме эркиндигинен ажыратылган дагы 325 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылганын кошумчалады. Алардын канчасы түрмөдөн чыкканы тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымат бере элек.
Абактан бошотулган 813 адамдын ичинен 25и 60 жаштан өткөн эркектер менен 55 жаштан ашкан аялдар, 10у I жана II топтогу майыптар, 25и жашы жете элек экиден кем эмес балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барлар. Түрмөдөн чыккандардын 688и биринчи жолу анча оор эмес кылмыштарды жасагандар. Алты аял жалгыз бой энелер, бешөө көп балалуу аялдар.
Мындан тышкары, жазасын өтөп жаткан жабык жайлардан качып кетип, кийин мунапыс мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өз ыктыяры менен келген жети адам кылмыш жазасынан толугу менен бошотулган.