"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда бокс боюнча дүйнө кубогунда 2-орунду ээледи.

Дүйнө кубогунун акыркы үчүнчү этабы ушул күндөрү Чоң Нойда шаарында өтүүдө. Кыргызстандык спортчу 60 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалынан баштаган.

Сейитбек уулу алгачкы беттешинде Польшанын өкүлүн 5:0 эсебинде жеңип, жарым финалда сентябрь айында дүйнө чемпионатында утулуп калган Англиядан келген спортчудан реванш алды.

20-ноябрда финалдык беттеште кыргызстандык Индиядан келген боксчу менен күч сынашып, ага утулуп, күмүш медаль тагынды.