"Эркин-Тоо"

Мунарбек Сейитбек уулу мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алат

Быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстандын спортчулары 6 медаль — 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болушту. Үч спортчу карьерасында экинчи Олимпиада медалын жеңип алышты, дагы үчөө биринчи жолу олимпиадалык подиумга чыгышты. Мыйзамга ылайык эми бул спортчулар мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алышат.

Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына стипендиялар жөнүндө жобого ылайык – 1-орунга айына 30 000 сом, 2-орунга 25 000, 3-орунга 20 000 сом. Бул стипендия спорттук жетишкендиктер үчүн башка бардык стипендиялар үчүн төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин гана төлөнүп баштайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!