Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстагы алгачкы беттешин ийгиликтүү баштады.
Бишкекте өткөн эл аралык бокс турниринин алкагында рингге чыккан кыргызстандык мушкер Угандадан келген атаандашы Конрад Серуенгени жеңип, күйөрмандарын кубандырды.
Иш-чара Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясынын демилгеси менен уюштурулуп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, аталган турнир Кыргызстанда профессионалдык деңгээлде өткөн алгачкы эл аралык бокс мелдеши болду.

