"Эркин-Тоо"

Муниципалдык транспортто жол кирени мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө болот

Бишкекте муниципалдык транспортто жол кире акысын «Mbank», «MegaPay», «Balance» мобилдик тиркемелери аркылуу төлөөгө болот.

QR-сканеринг аркылуу төлөө «Тулпар» долбоорунун алкагында шаардын бардык муниципалдык транспортунда ишке киргизилген.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн QR коду бар стикерлер салондо жана автобустардын жана троллейбустардын сыртында жайгашкан.

Белгилей кетсек, буга чейин шаардык мэрия 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгын билдирген.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!