Кыргызстандын жаштарын мекенчилдикке, маданиятты таанып-билүүгө жана улуттук баалуулуктарга тарбиялоо максатында уюштурулган «MURAS» этно жаштар лагери өз ишин баштады.
Бул маданий-агартуу багытындагы лагерь жаштардын улуттук аң-сезимин чыңдоого, кыргыз элинин тилин, тарыхын, салт-санаасын жана маданий мурасын терең таанууга өбөлгө түзөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, «MURAS» лагери — бул жөн гана эс алуу эмес, чыгармачылык менен мекенге болгон сүйүүнү, лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүргөн аянтча.
«Кыргыз элинин руханий дөөлөтүн сактоо жана даңазалоо — бул элдин тарыхын, уңгусун сактоо менен барабар», — деп белгиленет маалыматта.

