Бишкекте Президент Садыр Жапаров катышкан «Мурас» футболдук беттеши аяктап, «Ден соолук» командасы биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жеңишке ээ болгон «Ден соолук» командасына 400 миң сом, экинчи орунга ээ болгон «Ыйман» командасына 300 миң сом тапшырылды. Үчүнчү орунду алган «Президенттин командасына» 200 миң сом, ал эми төртүнчү орунду ээлеген «Коопсуздук» командасына 100 миң сомдук сертификат ыйгарылды.
Президент Садыр Жапаров оюнда 7 гол киргизип, «Мыкты чабуулчу» аталды. Мамлекет башчысы акчалай сыйлыкты «Ыйман» командасына берди.
«Мыкты дарбазачы» Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы) болсо, «Мелдештин мыкты оюнчусу» Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы) болду.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор жана медалдар тапшырылды.