Үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө. Достук мелдеши «Газпром» спорт комплексинде өтөт.
Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат.
Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес», «Ноокат».
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулду.