"Эркин-Тоо"

Мурат Боронов: “Коомдук тартипти сактоо жана коомдук жайлардагы кылмыштуулукту болтурбоо ар бирибиздин милдетибиз”

Бүгүн, 14-апрель күнү Баткен ОИИБдин 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга Баткен ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты.

Облус аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда үч ай аралыгында аткарылган иш-чаралар боюнча кеңири маалыматтар уктурулду. Элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп, санариптештирүү багытында облустагы ар бир ички иштер бөлүмдөрүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, коомдук тартип көзөмөлдөнүүдө.

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу боюнча аныкталган 7 приоритеттүү багыттары боюнча коюлган тапшырмалардын аткарылышы уктурулду.

Ар бир райондогу, шаардагы милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде алыскы тоолуу аймактарга барып, калктын көйгөйүн чечүүнү жеңилдетүү максатында 2023-жылдын 3 ай аралыгында 158 жолу чыгуу жасады. 254 арыз-даттануулар катталып, анын ичинен 2 коопсуздук маселеси менен байланышкан арыз ички иштер бөлүмдөрүнө катталып, чечилген. Ал эми 224 жаранга юридикалык кеңештер берилип, кайрылуулары жеринде чечилген.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жарандарга 1050 протокол толтурулуп, сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынган.

Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов ар бир район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын угуп, ИИОго катталган арыздар таза жана калыс тергелишин талап кылып, коомдук жайлардагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында катуу тапшырмаларды койду.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!