Эгемендиктин алгачкы 20 жылында Эмил Узакбаев бир катар кызматтарды аркалап келди. Депутат, губернатор, министр, элчи, вице-премьер-министр өңдүү өңчөй бийик постторду ээлеп келген тажрыйбалуу мамлекетчил инсан бүгүн да коомдук, саясий турмуштан четте калбай, жаштарга акыл-насаатын айтуу менен аксакалдык дооронду сүрүп турган кези. Биз бул сапар Эмил Узакбаевге бир катар соболдорубузду жолдоп, жооп алдык.
— Эмилбек мырза, учурда айыл чарба жаатындагы абалыбыз кантип атат? Бир кездери сиз башкарган айыл чарба министрлиги “статистикалык эсеп-кысап жүргүзгөн орган” образынан эмнеге алигиче кете албай келет?
— Бир беткей гана сындагым келбейт. Аракеттер бар, бирок, натыйжасы кээде жалпыбыз күткөндөй болбой калууда. Азыр өлкөдөгү жалпы дүң продуктылардын өсүшүнө көз жүгүртүп, анын ичинен кайсы тармак канча пайызын ээлеп турганын эсепке алсак, айыл чарбасы ИДПнын 16%ын гана ээлеп калыптыр. Маселен, азыр курулуш, соода-сатык, тейлөө тармактарында алдыга жылуунун өзү жакшы көрүнүш. А бирок, айыл чарба тармагында толгон-токой резервдердин бар экендиги көрүнүп турса да, иштин кашаң жүрүш менен коштолушу жакшы эмес. Себеби, жерлерибиз менен жайыттарыбыз, тоют базаларыбыз, Кудай берген төрт түлүк малыбыз бар. Учурда тармакта “эч болбосо кеч болсун” дегендей бир жакшы көрүнүш орун алды. Аны суу ресурстары, айыл жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги деп аташып, тармактын башына эки ишти айкалыштыруу менен вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевди дайындашканы эң туура чечим болду. Ошондуктан, негизги байлыгыбыз болгон жерди иреттүү, натыйжага бай кылып колдонуп, интенсивдүү ыкмаларга өтүү мезгилдин талабы болууда. Азыр Президентибиз Садыр Жапаров жерге карата салыктын түрүн алып койду. Учурунда башталган жер жана агрардык реформанын аягына чыкпай калгандыгын азыр жаңы келген министр Бакыт Төрөбаев тийиштүү деңгээлде ишке ашырса деген ойдомун.
— Кезегинде энергетика жаатын тейлеген вице-премьер-министр катары айтыңызчы, быйыл Токтогулда топтолгон суунун көлөмүнүн аздыгы энергетикалык коопсуздугубузга коңгуроо какты окшойт. Ушул күндөрү өлкөбүздөгү салынып жаткан кичи ГЭСтер аркылуу энергетикадагы боштукту толтуруп, толуктай алабызбы?
— Адилеттүүлүк үчүн айтып коеюнчу, соңку 2 жылда энергетика жаатыбызда алгылыктуу иштер башталды. Эң ириде өлкөбүздө курулуп жаткан ондогон чакан ГЭСтердин курулушу буга мисал боло алат. Мен бир гана жөнөкөй фактыны алдыңарга тартуу этейин. Ушул күндөрү Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСинин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул ГЭС жеке демилге менен жергиликтүү ири ишкердин өздүк каражатына курулуп баштады. Албетте, бул ишке мамлекет да жардам берип, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу 44 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 44 миллион долларды каржылап, ишкердин эл үчүн кылган ишине дем берип жатканынан кабардар болдук. Эгерде, бул чакан ГЭС ишке кирсе, Нарындагы энергетикалык керектөөбүздүн кыйла муктаждыгын жабат экен. Бул бир гана мисал. Өлкө аймагында учурда бир канча чакан жана кичи ГЭСтердин курулушу жүрүп, алды ишке бериле баштады. Күн жана шамал станцияларынан электр кубатын өндүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ушунун бардыгы ишке ашса, мен ойлойм, биз энергетикалык көз карандысыздыктан толугу менен чыгабыз.
— Учурунда тоолуу Нарын облусун башкарган жетекчи катары бүгүн шарты катаал Теңир-Тоону өнүктүрүү боюнча кандай сунуштарды айтат элеңиз?
— Мага Нарын облусу, андагы касиеттүү Теңир-Тоонун аты эле кулагыма ушундай жагымдуу угулат. Эгемендүү өлкөбүз жаңыдан бутуна тура баштаган экономикалык оор шартта 1996-2000-жылдары Нарын облусун башкаруу тагдырыма буйрук болуптур. Биз ошондой кыйын шарттарга карабастан касиеттүү Теңир-Тоолук туугандарыбыз менен биргеликте колдон келген аракеттерибизди жасап, түзүлгөн кризистик жагдайлардан чыкканбыз. 1997-жылдын жыйынтыгы менен өлкө аймагы боюнча социалдык, экономикалык көрсөткүчтөрдөн Нарын облусу биринчиликти багындырган. Албетте, анда өтө деле укмуш экономикалык көрсөткүчтөр болгон эмес, бирок, оор шарттарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздадык. Кеп кезеги келгенде айтып коеюнчу, мен касиеттүү Теңир-Тоодогу тоолук элге миң ыраазымын! Учурдагы бийлик дагы жергиликтүү аймактык реформаны өткөн жылы Нарын облусунан баштап, жакшы жышаанга жол ачышты. Эми мындан ары шарты катаал аймакты өнүктүрүш үчүн ири алды коммуникацияны, өзгөчө жол маселесин, айрыкча түндүк-түштүк альтернативдүү жолун пландаштырылган мөөнөтүндө жасап, бүтүрүү керек. Буюрса бул жааттагы иштер жакшы жүрүп жатканынан кабардармын. Балыкчы-Жалал-Абад жолунун бүтүшү экономиканын өнүгүшүнө, айрыкча, тоолуу аймактын бутуна турушуна ири салымын кошот. Экинчиден, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолдору комплекстүү толук бүтсө, өлкөбүз үчүн, анын ичинен Нарын облусунун экономикасы менен социалдык жактан өнүгүшүнө чоң олжо болот. Өзгөчө Кара-Кечеден көмүрдү Бишкекке, Балыкчыга ташып келүү жакшы жыйынтык берип, логистикасы жеңилдеп калмак. Мунун өзү өлкөбүздүн жалпы экономикасына чоң таасирин тийгизет.
— Республикадагы аймагы жагынан эң чоң көлөмдө Нарын облусу турса керек. Ушундай чоң аймактын агрардык жагын “жипке тизгендей” өнүктүрүп койсо болот беле?
— Ооба, Нарын өрөөнү өлкөдөгү 7 облустун ичинен аймагы жагынан чоңдугу менен айырмаланат. Өзүң айткандай, аймактагы агрардык секторду, айрыкча, мал чарбачылыгына азыркыдан да жакшы шарттарды түзүп, төрт түлүктүн, анын ичинен жүн, эт багытындагы “кылчык” койлордун багытына өтүшсө дурус болмок. Бул аймакта Кудай берген ушунчалык кооз, кенен жайлоолор бар. Өзгөчө алыскы жайлоолорду колдонбосо, жакынкы жайыттарды деградация кылып бүттүк. Аксай, Арпа, Солтон-Сары, Соң-Көл сыяктуу эмне деген бейиштей жайлоолорубуз бар? Бир мисал, кыргыздын маңдайына бүткөн ири ишкер Аскар Салымбеков Балыкчыда эң чоң эт комбинатын куруп, бүтүү алдында турат. Эгерде, бул комбинаттын иши жолго коюлса жалаң гана Нарын облусунун тургундары үчүн эмес, Ысык-Көлдүн фермерлери үчүн да жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Дагы бир сунушум, агрардык тармакты өнүктүрүш үчүн облус тургундары айдоо жерлерге күзгү “тоңдурманы” колдонушса, түшүмдүүлүккө зор таасирин тийгизип, жаз, ага кошулуп суу кеч келген Нарын эли үчүн бул ыкма айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө жакшы пайда алып келмек.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-февралы