Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри (учурдагы аталышы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги — ред.) Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурдагы министрдин коррупциялык жана алдамчылык иштери боюнча маалыматтар алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу ) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштеринин жүрүшүндө, мурдагы министр «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган.
Келтирилген зыян алдын ала 500 млн сомго бааланууда.
Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э.У. (Чодуев Эркинбек Урайымович) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.