Мурдагы аким чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Б.К. уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды. Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Б.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.