Кудайберген Базарбаев Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койгон.
Агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Базарбаевдин мамлекеттик агенттиктин жалпы жамаатына Президенттин администрациясынын Президенттин чемимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.
Ал эми Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин буга чейинки директору Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, Кудайберген Базарбаев буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келген.