"Эркин-Тоо"

Муса ЖАМАНБАЕВ: “ӨЗБЕКСТАНГА КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ”

Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Муса ЖАМАНБАЕВ

Биз суроо бердик. Муса мырза элчи катары этикадан чыкпай жооп узатты. Сыпааланып… Эмесе, биздин элчибиз эмнелерди эптеп жатканын маекте толук айтып берди.

— Муса мырза, жакында кыргыз парламенти Өзбекстан менен чек ара маселесин ратификациядан өткөрдү. Бул саамалыкты Өзбекстан тарап кандай кабылдап жатышат?

— Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер ырааттуу өнүгүүдө. Эки тараптуу кызматташууда мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү өзгөчө мааниге ээ. Ушуга байланыштуу пандемиянын чектөөлөрүнө карабастан эки өлкөнүн өкмөттүк комиссияларынын жыйындары тынымсыз өтүп, мамлекеттик чек аранын айрым тилкелеринде талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп жатты. Жыйынтыгында 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимге жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Мунун негизинде өзбек парламенти аталган документтерди ратификациялоо процедурасын баштаган. 14-ноябрда мыйзам чыгаруу палатасы чек аранын айрым тилкелери жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдарды жактырган. Анда парламентте Өзбекстандын Премьер-министри А.Н.Арипов катышып, жер тилкелери менен алмашуу боюнча кеңири маалыматты берген. Ал документтерге кол коюу коңшу өлкө менен мамилени жаңы баскычка чыгарууга шарт түзөөрүн белгилеген. 18-ноябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты 35-пленардык жыйынында аталган документтерди ратификациялоону бир добуштан жактырды.

— Алардын парламенти жетишилген келишимдер кыргыз тарапка пайдалуу экендигин айтыштыбы?

— Ооба, Өзбекстандын Сенатынын төрайымы Т.Нарбаева чек ара келишим кошуна кыргыз тарапка пайдалуу экендигин, бул мыйзамдарды ратификациялоо узак мөөнөттүү көйгөйлүү жана талаштуу маселелерди оң нукта чечүүгө, өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө, боордош өзбек жана кыргыз элдеринин мындан ары да жакындашуусуна бекем укуктук негиз болуп кызмат кылат деген ишенимин билдирди. Өзбек парламентинин жогорку палатасынын депутаттары эки мыйзамды тең бир добуштан жактырышып, эч ким каршы болгон жок. Сенаттын төрайымы Т.Нарбаева документтерди “тарыхый” деп атады. Мамлекеттик чек аранын чечилбегени чек ара аймактарында жерди пайдалануу, чарбалык ишмердүүлүк, транспорттук байланыш ж.б. ушуга окшогон бир катар көйгөйлөрдү жаратчу. Чек ара маселелерин оң нукта чечүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамдаштыруу эки тараптуу кызматташууга, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү берет.

— Учурда Өзбекстанда канча кыргыз жараны бар? Аларды кайсы көйгөй тынчсыздандырат экен?

— Учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде 3271 кыргыз жараны каттоодо турат. Алардын 3149у Өзбекстанда жашоого туруктуу, ал эми 122 жараныбызда убактылуу жашап туруу уруксаттары бар. Өзбекстанга келген кыргыз жарандарынын санынын динамикасы акыркы жылдары өсүүдө. Элчиликке көбүнчө паспорт алмаштыруу менен мекенге кайтып кетүү күбөлүгү боюнча кайрылышат. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арада жайгашкан аймактарда биздин жарандар өздүгүн тастыктоочу документтерди жоготуп алган учурлар боюнча кайрылуулар да көп.

— Эки өлкөнүн ортосунда экспорт маселеси кантип жатат? Бизден өндүрүлгөн жержемиштерди Өзбекстанга көбүрөөк сатуу жагын жолго койсо болот бекен?

— Биздин өлкө Өзбекстан менен соодада оң натыйжага ээ болгон 4 өлкөнүн бири болуп саналат. Өзбекстандын экспорту Кыргызстандан импортко караганда дээрлик 5 эсеге көп. 2021-жылдын мартында Президент Садыр Нургожоевичтин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларга жеткирүү тапшырмасы коюлган. Макулдашуулардын жыйынтыгы менен тараптар өз ара соода жүгүртүүнү 30%га көбөйтүүгө жетишип, азыркы учурда эки мамлекет Биз суроо бердик. Муса мырза элчи катары этикадан чыкпай жооп узатты. Сыпааланып… Эмесе, биздин элчибиз эмнелерди эптеп жатканын маекте толук айтып берди. ортосундагы соода алакалардын көлөмү өскөн. Салттуу түрдө экспортко багытталган негизги азык-түлүк болуп картошка саналат. Адатта, Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорунан алынган картошканын көбү Өзбекстандын түштүк облустарына экспорттолот. Учурда элчилик сүт жана балык азыктарын экспорттоону жолго коюу боюнча активдүү иш алып барууда. Кыргызстанда соңку жылдары бодо жана майда малдын саны көбөйүп, сапаттуу балы бир катар чет өлкөлөрдө белгилүү болууда. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан логистикалык багыты ишке ашса, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы экспорт эң жогорку деңгээлге жетет.

— Жыл жаңыраар алдында турабыз. Мындан ары да Өзбекстан менен мамиле жаңы тепкичтерге көтөрүлөөрүнө ишенсек болобу?

— Биздин өлкөлөр саясий диалогдун жогорку деңгээлине жеткени ачык көрүнүп турат. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө, өз ара соода жана өнөр жай кооперациясын түзүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташтыкты чыңдоого даярбыз. Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапары эки өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө түрткү болуп, кыргыз-өзбек элдеринин улуттук-маданий мурасын жана байлыктарын сактоо, аларды өнүктүрүү боюнча тараптардын күч-аракеттерин бириктирээри талашсыз. Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара мамилелеринин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүгө даяр жана кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүшүнө дайыма кызыкдар деп айта алам.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!