СССР деген зор империя жашап жаткан кезде, ар кандай сырткы, ички каршылыктарга карабастан легендарлуу парламент 1989-жылы 22-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Парламенттин ошол сессиясын бүтүндөй республиканын эли демин ичине катып карап турган. Мыйзам кабыл алынганда улуу, кичүү дебей зор кубанычка бөлөнүп, калпаган көккө ыргытып кубанышкан. Элибизде “баланын туулганына сүйүнбөй турарына сүйүн” деген акылман кеп бар. Биз да эртерээк кубанып жиберген экенбиз. Мыйзам кабыл алынганы менен аны ишке ашырууда ыкшоолукка жол бердик. Анан калса “орус тили расмий тил ” деген беренени кошо кабыл алып, ал мыйзамыбыз башында эле “ит жыгылыш” абалда болуп калганын аңдабаптырбыз. Ошол ошол болду, кыргыз тили саясаттын, экономиканын тили боло албай, Ак Үйдүн короосуна кирген менен, жетинчи кабатына жете албай арабөк абалда калып келди. Мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздары илгеркидей эле орус тилинде жүргүзүлүп, чоң, кичине жыйындардын баары орус тилинде өтүп жатты. Союз кезинде башка улуттардын өкүлдөрү тарабынан өгөйлөнүп келген кыргыз тили эми карачечекей өз балдарынан өгөйлөнүп, баягы эле улагада калган абалында күн кечирди. Элдин эсинде болуш керек, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында борбор калаабызда, дегеле жалпы республика боюнча кыргыз тилдүү мектептердин, бала бакчалардын маселеси өтө курч турган. Ал кездеги Фрунзеде жападан жалгыз №5 кыргыз тилдүү мектеп болгон. Ал эми бала бакчалар дээрлик жокко эсе эле. Ошондой кысталыш кезде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кыргыз тилдүү мектептердин санын көбөйтүү жана кыргыз тилин күнүмдүк турмушта пайдалануу тууралуу ойлорун ачык жазып чыккан. Ал учурда Манасты, кыргыз тилинин маселесин козгосоң эле сага улутчул деген жарлык тагылып, куугунтукка алынар элең. Жазуучуну Москвадан тартып, өзүбүздүн айрым эл безерлер кошул-ташыл болуп ит таламайга алышкан. Кыргыз тили очоктун айланасынан чыга албай калган кырдаалга туш болгонбуз. Өз жерибизде, өз мекенибизде эне тилибизге ээ боло албай айлабыз алты кетип турган. Жогоруда мен айткан кыргыз тили тууралуу мыйзам дал ушундай тарыхый сыноо учурунда кабыл алынган болчу. Андан бери 33 жылдын жүзү болду. Эмне өзгөрдү? Ырас, кыргыз тилдүү мектептердин, бала бакчалардын саны көбөйдү. Кыргыз тилине болгон мамиле аз да болсо жакшырды. Мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздары акырындык менен кыргыз тилине өтүп жатат. Бирок, дале болсо кыргыз тили мыйзамда жазылган чыныгы мамлекеттик тил макамына ээ боло албады. Ага ким күнөөлүү? Илгери орустар бут тосуп жатат деп айтчу элек. Азырчы? Эне тилибизге, биз кыргыздар өзүбүз күйүп, өзүбүз окуп үйрөнүп, өзүбүз сүйлөбөсөк аны башка бирөө келип жасап бербейт. А өзүбүз эмне кылып жатабыз. Балдарыбыздын баарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге беребиз.
Жакында эле автобуста күбө болгон бир окуяны айтып берейин. Чоң энеси төрт жашар небересин бала бакчадан алып бараткан экен. Эми тигил кыргыз баланын тили орусча буудай кууруйт. Тегерек четтеги кыргыздар баарыбыз ошол кичинекей кыргыз баланын орусча сүйлөп эркелеп жатканын угуп баратабыз. Жок дегенде ара чолодо кыргызча сүйлөйт бекен деп мен бир далай жерге чейин баланын сөзүн астейдил тыңшап бардым. Жок. Кыргызча бир да сөз сүйлөбөдү. Ошондо мен аялга кайрылып “небереңиз болобу?” деп сурадым. “”Ооба” деди аял. “Эмнеге бул баланы орус кылып койдуңар. Караңызчы бир ооз кыргызча билбейт экен” дедим. Аял “ошону айтпайсызбы, ата-энеси ушинтип коюптур. Үйдө да бала менен такай орусча сүйлөшүшөт” деди капаланганы үнүнөн билинип. “Эне тилинен ажыраган бала элинен да, тамырынан да, ата-тегинен да баарынан ажырайт. Үйгө барганда сиз өз уулуңузга айтыңыз. Баласына кыргыз тилин үйрөтсүн. Баласы орусча сүйлөсө эле башка балдардан өзгөчө болуп кетеби? Ошол орус болуп калгандан кудай сактасын. Алар карыган ата-энесин карабай кетерин жакшы билесиз” дедим. Мына, күнөө өзүбүздө бекен?
Шаардык кыргыздардын бетке кармар дагы бир жүйөөсү бар. Кыргыз тилдүү мектептерде билимди начар берет деген жалган стеоротип акыл-эсибизге орноп алган. Балким, анын да жөнү бардыр. Бул жерде ойлоно турган, чече турган маселе арбын. Канчалык жөнү болгон күндө да балага билим берүүдө, тил үйрөтүүдө кыргыз тили талашсыз биринчи орунда туруш керек. Эненин сүтү менен келчү тилди бала кантип жеримек. Аны адатта биз, чоңдор, өзүбүз жерийбиз. Мектептерде кыргыз тилин окутууда коңшу Казакстандын мисалын, үлгүсүн алсак эң туура болмок. Казакстанда мындан төрт жыл башта республиканын бардык мектептеринде, менчигинин түрүнө карабастан 1-класстан 4-класска чейин окутуу жалаң казак тилинде гана жүргүзүлсүн деген мыйзам ишке кирди. Караңызчы, кандай сонун мыйзам. Казак тили жана адабияты сабагы гана эмес мектептеги математика, алгебра, биология, химия сыяктуу бардык предметтер казак тилинде гана окутулат. Казакстанда жашаган бардык улуттун балдары 4-класска чейин казак тилинде билим алышат. Ушул мыйзам менен Казакстандагы казак тилинин көйгөйү дээрлик чечилди деп айтсак болот. Анткени, бала кезде үйрөнгөн тилин адам кийин оңой менен унутпайт. Бул багытта бизде кандай иштер жасалып жатат деген орундуу суроо туулат. Бизде муз жаңы гана ордунан жылгандай болду. Өткөн жумада билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер ЖРТга кошуп кыргыз тили боюнча да тест тапшырат деген куш кабар таратты. Биз аталган министрликтин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытовго кайрылганыбызда, ал төмөндөгүчө жооп берди: “Абитуриенттер үчүн мындан ары жалпы республикалык тестирлөөнү кайсы тилде тапшыргандыгына карабастан мамлекеттик тилден тест тапшыруу милдеттүү болуп саналат. Тактап айтканда, негизги тест менен кошо мамлекеттик тилден да тест тапшырышат. Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы мамлекеттик тилден тест тапшырылмайынча берилбейт. Мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайга тапшырууда ЖРТнын жыйынтыгына таасир этпейт. Мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруу чечими 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык талаптарын аткаруу үчүн кабыл алынды. Аталган конституциялык мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктунда “жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, лицей, гимназияларда ) милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү класстан класска көчүрүү бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет” деп жазылган.
Албетте, мыйзамдын 17-беренесин кош колдоп кубаттайбыз. Мен бул жерде да баштагы “орус тили расмий тил болот” деп жазылгандай дагы бир эки ача пикир жаратчу жагдайды байкадым. Анда “Мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайга тапшырууда ЖРТнын жыйынтыгына таасир этпейт” деп бадырайып жазылып турат. Эмне үчүн кыргыз тилден тапшырган тест ЖРТнын жыйынтыгна таасир этпеши керек? А таасир этпеген соң канчалык зарылдыгы бар? Минтип жымсалдап олтурбай эле “ЖРТнын жыйынтыгына таасир этет” деп түз эле жазышыбыз керек болчу. Ошондо мектеп окуучулары кыргыз тилин жанталашып окуп, үйрөнөт эле. Кантсе да тилибизге олутуу мамиле жасасак жакшы болмок.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-февралы